Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ТАШТАП КЕТИЛГЕН ЫМЫРКАЙЛАРДЫ САКТАП КАЛУУ ЫКМАЛАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага Жаңы төрөлгөн балдарды таштап кетүү учурлары өнүкпөгөн Азия же Африка өлкөлөрүндө гана эмес, Европа мамлекеттеринде да эмгиче кездешет. Андай ымыркайларды тирүү сактап калуу максатында Австрия, Алмания, Швейцария же Чехия сыяктуу мамлекеттерде азыр жаңы ыкмалар колдонула баштады.

Алманиянын Гамбург шаарында мындан алты жыл мурда бир оорукананын алдында беш ымыркай табылгандан кийин, анын жетекчилиги атайын бала кутуларды жасоону чечкен. Андай кутулар оорукананын эшигинин алдына коюлат жана кимдир бирөө ага ымыркайды салып кетсе, доктурларга атайын белги берилет.

Гамбургдагы Штемипарк деген медицина борборунун кызматкери Женифер Оффенборндун айтымында, аны менен беш жылдын ичинде 25 баланын өмүрү сакталып калды:

- 1999-жылы Гамбургда беш ымыркай табылган, алардын үчөө чарчап калган экен, экөө дагы тирүү болчу. Ошондуктан биз атайын бала кутуларды жасап, аларды оорукананын алдына койо баштадык. Үйдөн төрөп, баласынан кутулайын деген аялдар ымыркайларды ошолорго салып кете алат. Боюна бүтүп, бирок аны жашырган көптөгөн аял бар жана алар эмне кылууну билбейт, ошондойлорго биз шанс беребиз. Акыркы беш жылда биз жыл сайын үч гана өлгөн бала таап жатабыз, мурда жыл сайын беш ымыркай өлчү.

Алманиянын жолун жолдоп, быйыл Чехияда дагы ошондой кутулар пайда боло баштады, бирок демилге көтөргөн Людвик Гесс андай бала кутуларды мамлекеттик ооруканада орното алган жок жана бир жеке менчик төрөт үйү менен гана келишим түзүп, өз долбоорун ишке ашырды. Кимдир бирөө кутуга баланы жаткырып, андан соң белги бере турган кнопканы басканда, бир мүнөт убакыт өтпөй, ага доктур келет жана баланы ооруканага алып кетет. Ага чейин баланы алып келген адам ооруканадан чыгып кетүүгө тийиш. Долбоор толугу менен ишке ашса, андай ымыркайлар - балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө расми түрдө берилет. Аны менен катар Чехияда мындай учурлар өтө чанда кездешкенин да айта кетүү керек.

Анткен менен Людвик Гесстин долбооруна өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги катуу каршы чыкты, анын жетекчилигинин айтымында, мындай бала кутулар кеңири колдонула баштаса, балдарын таштап кетүүнү каалаган аялдардын саны өсүшү мүмкүн жана аны менен мамлекет андай жарандардын жоопкерсиздигин колдогон болот. Андан тышкары баланын тукум кууй турган оорулары жөнүндө маалымат табуу мүмкүн эмес.

Министрликтин басма сөз катчысы Яна Кочованын айтымында, Гесс көтөргөн демилгени Чехияда колдонууга эч деле негиз жок:

- Биздин оюбузча, Европа Биримдигинин кээ бир башка өлкөлөрү менен салыштырганда, каалабаган кош бойлуулук же каалабастан төрөлгөн балдарга көз салуу маселелери Чехияда дээрлик толугу менен чечилген. Бойго бүтүрбөө ыкмаларынан пайдаланууга жол ачык, андан тышкары аялдарга төрөт үйүнө келип, атын атабастан төрөп кетүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Министрликтин айтымында, жаңы төрөлгөн балдарды Чехияда негизинен чет өлкөдөн келгендер гана таштап кетет, бирок баары бир андай учурлар өтө аз жана андай келгиндер менен дагы тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG