Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Кыргызстандык 320 миң атуул Федералдык миграция кызматынан каттоодон өткөн. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда алардын саны эки эсе көп.
Кыргызстандыктар Орусиянын аймактарында негизинен соода-сатык менен жан багып, курулуштарда, ар кандай кара жумуштарда эмгектенишет. Жакында жаңы парламенттин өкүлдөрү миграция маселеси боюнча Орусиянын Мамлекеттик думасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, айрым облустардагы кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып келишти. Алардын бири Жогорку Кеңештин эмгек миграциясы проблемалары боюнча комиссиясынын төрагасы, депутат Кубанычбек Исабековдун билдиришинче:
- Расмий маалыматтар боюнча 320 миң Кыргызстандык Орусияда соода сатык кылышып курулуштарда иштешет. Алардын орточо айлык акысы 200-250 доллар.
Анын айтымында, жылыга Орусиядагы кыргыз атуулдарынан өлкөгө 450 млн. доллар келип турат. Алар мекенинде жумуш орундары жоктугунан, экономиканын төмөндүгүнөн үй-бүлөсүн, жакындарын багуу үчүн аргасыз жер оодарып кетишкен. Эки өлкө ортосундагы эмгек миграциясы тууралуу келишимдин иштебегендигинен кыргыз атуулдары Орусиянын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан жана айрым шылуундардан жапа чегип укуктары тебеленген фактылар көп кездешүүдө.
Ошол эле учурда кыргыз атуулдарынын арасында Орусиянын мыйзамдарын одоно бузгандар бар экендиги тууралуу Кубанычбек Исабеков буларга токтолду:
- Айрым кыргыз атуулдары Орусиянын мыйзамдарын одоно бузуп, кыргыздын кыз-келиндерин башка улуттарга сатып жиберген фактылар бар экен. Кээ бирөөлөрү баңги затын сатып пайда көрөм, деп түрмөдө отурушат.
Жакында Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Орусиядан келишкен жыйырмадай кыргызстандыктар нааразылык билдиришип, орус милициясы алардын укугун тебелеп, кордук көрсөтүп жатканын айтышкан. Кубанычбек Исабеков буга байланыштуу Орусиянын элчилигине билдирүү жасаганын айтты:
- Орусиянын милициялары биздин жарандарды токойго алып барып документтерин айрып, уруп-сабап коркутуп акчасын тартып алган же биздин кыз-келиндерди зордогон фактылар бар. Мен бул тууралуу Орусиянын элчиси Шмагинге жана Федерелдык миграция кызматынын өкүлүнө жолугуп, бул иштер боюнча документтерди тапшырып, тыкат иликтөөнү өтүндүм.
Анын айтымында, бул маселелер боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде да көп кемчиликтер бар. Анткени Екатеринбург боюнча 20дан ашуун облус, крайга элчиликтин консулдугунан 7 кызматкер иштейт. Алар бардык эмгек мигранттары боюнча иш алып барууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан Орусиянын аймактарында консулдуктарды жана эмгек миграциясы боюнча кызматтарды түзүү керек.
Ал эми Орус элчилиги айтылган дооматтар боюнча иликтөө жүргүзүлөөрүн өткөн аптада билдиришкен.