Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Чехиянын парламенттик делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. 3-июнда Кыргызстанга Чехиянын парламенттик делегациясы келди. Чехия парламентинин вице-спикери Войтех Филип жетектеген делегация менен Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жолугушту. Анда эки мамлекеттин ортосунда кызматташууну жакшыртуу маселеси талкууланып, Роза Отунбаева Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүүгө зор мүмкүнчүлүк бар экендигин, бирок, аны кайра иштетүү өнөр жайы жоктугун белгиледи. Ал эми Чехиянын парламентарийлери Кыргызстанда ГЭСтерди курууга инвестиция берүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG