Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

АЗИЯ ТАЙМАШЫ, ДАНИЯРДЫН АЛТЫН МЕДАЛЫ


Кытайдын Ухань шаарында өткөн грек- рим жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль утуп келишти.

24- майдан 30- майга чейин Кытайдын Ухань шаарында грек- рим жана эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күч сынашуулары өттү. Мында грек- рим күрөшүнөн Кыргызстандын намысын коргогон 7 балбандан 74 кг. салмактагы 14- Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Афина олимпиадасынын катышуучусу Данияр Көбөнов финалда алтын медалды утуп, Азиянын чемпиону аталды.

Азиянын алтын байгесин уткан эл аралык спорт чебери Данияр Көбөнов таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, эми алдыдагы максаттары тууралуу айтты:

- Аттандаштарым абдан мыкты даярдык менен келген экен. Айрыкча финалдык күч сынашуу курч мүнөздө болду. «Азиянын алтын медалын жеңип, чемпион болом» деген тилегим орундалды. Муну Кыргызстанга, кыргыз элине арнаган белегим деп билем. Эми Будапештте дүйнөнүн чемпионаты күзүндө болмокчу. Ошого жакшылап даярдык көрүп, чемпион болсом деген ой- максат бар. Негизги эң чоң максатым- 2008- жылы Пекинде өтчү олимпиадалык оюндарда Кыргызстанды таанытып, чемпион болсом деймин.

Ал эми 60 кг. салмактагы балбандардын таймашында кыргызстандык Ринат Усупжанов экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду. Ошондой эле 84 кг. салмактагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Жанарбек Кенжеев менен 96 кг. салмактагы Азат Эркинбаев Азия чемпионатынын коло медалын тагынып келишти.

Ушул 7 балбанды таптап, Азия таймашына алып барган өлкөнүн грек- рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов 20дан ашуун мамлекеттен Кыргызстан 6- орунду ээлегенин, мелдеш жогорку деңгээлде өткөнүн айттты:

- Азиянын чемпионатынын 7 алтын байгесин Түштүк Корея менен Казакстан ар бири 2 алтын медаль утту. Калган 3 алтын байгени Түндүк Корея, Кыргызстан жана Иран өлкөлөрү бирден алышты. Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Азиянын 2005- жылкы эң мыкты балбаны деген атайын байгеге казак спортчусу ээ болсо, биздин Кыргызстандын намысын коргоп, алтын байгелүү болгон Данияр Көбөновго Азия чемпионатынын эң чебер ыкмаларды көрсөткөн балбаны деген Кубок тапшырылды. Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Аларга шарт түзүп берсе гана, өлкөнү дүйнөгө тааныта алат.

Грек- рим күрөшү аяктаары менен килем үстүндө эркин күрөшчүлөр мөрөй талашты. Мында Кыргызстандын намысын коргон 6 балбандан 84 кг. салмактагы кыргызстандык эл аралык спорт чебери, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Руслан Суменков финалга чейин жетип, бул жолу коло медаль тагынды.

Ошондой эле кыз- келиндердин эркин күрөш таймашында Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин бир нече ирет жеңген Янна Панова да финалдык топко кошулуп, Азия чемпионатынын коло байгесин жеңип алды. Кыргызстандык балбан кыз Жылдыз Эшимова бешинчи орунду ээледи.

Эми балбандар күзүндө Будапеште өтчү дүйнө чемпионатына даярдык көрүшмөкчү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG