"Чек арасыз кабарчылар" деген укук коргоо уюму тажикстандык журналист Жумабай Толибовдун камакка алынуусун сынга алып, аны бошотууну талап кылды. Укук коргоо уюму: "Толибовду сынды сүйбөгөн прокурор каматкан!" -деп билдирди. Уюмдун көз карашында, Толибов областтык прокурорду сынга алган макаласы үчүн камакка алынды.