Самир Бейруттун христиандар отурукташкан чөлкөмүндө кечээ бомба жардыруудан курман болду. Бул окуяга байланыштуу өлкөдө Сирияга каршы маанай күч алды, оппозиция Сирияны колдогон президент Эмиль Лахуддун кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Сирия бул киши өлтүрүүгө тийешеси бар экенин төгүндөп жатат.