Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Таластагы “Жерүй” алтын кенин чет элдиктерге иштетүүгө нааразылыктар басаңдоодо


ТАЛАС. Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу аймакта жайгашкан Көкарык, Караой, Сасыкбулак айылдарынын жашоочулары Акаевдик замандан бери эле “Жерүй” алтын кенин чет элдиктерге иштетүүгө берүүгө каршы болуп келишкен. Алар бул маселе боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте барскоондуктардын катышуусу менен бир нече жолу коомдук угуу уюштурушуп, Барскоондогу кырсыктын элге келтирген залалын коомчулукка убагында маалымдап турушкан. Натыйжада алтын кенин иштетүүчү жабык типтеги “Талас голд майнинг компани” акционердик коомунун лицензиясы алынып коюлган. Облустук аткаруу бийлиги лицензиядан ажыраган акционердик коомдун өкүлдөрү менен бирдикте алтын кен жайгашкан айыл өкмөтүнүн эли-журту менен болгон жолугушууларда алар койгон экологиялык, социалдык-экономикалык талаптар толук сактала тургандыгына убада беришип, элдин нааразычылыгын бир аз басышты. Алынып коюлган лицензия эми чет элдик бир нече фирмалардын бирөөсүнө тендердин негизинде Жогорку Кеңеш аркылуу гана бериле тургандыгы түшүндүрүлдү.

XS
SM
MD
LG