Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Президенттикке талапкерлердин баарына бирдей шарт барбы?


Кыргызстандын президентин шайлоого 35 күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча, шайлоонун ачык жана калыс өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Бирок айрым талапкерлер бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлгөн жери жок деген дооматтарын айта башташты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, азырынча президент болом деген 9 талапкер каттоодо. Булардын акыркысына талапкер деген расмий күбөлүк берилгенден кийин дароо үгүт иши башталат. Бирок айрым талапкерлер президенттикке талапкер премьер-министр Курманбек Бакиев үчүн өзгөчө шарт түзүлүп, кыйыр түрдөгү үгүт ишин баштап койгон деген пикирлерин жарыя кылышууда.

Алардын бири, «КДК» партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев мындай дейт:

-Жер-жерлерди кыдырып, эл менен кезигип, президент болуп шайлоодон өтө элек жатып президент катары «Мен муну бүтүрөм, тигини бүтүрөм» деп убада берип жатканы үгүт ишине кирет. Тилекке каршы, башка талапкерлер андай мүмкүнчүлүктөн курубуз. Эгер биз кичине эле маалымат берип, элдин алдына чыксак үгүттөө ишин эрте баштады деген шылтоо менен жарыштан алып салышы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевдин баамында, шайлоо алдында региондорду кыдыруу Акаевден калган көнүмүш адат болгон менен кыйыр түрдөгү үгүттөө күчүнө ээ болот:

- Мамлекеттин башчысы өз жумушун эч качан токтотуп койбойт. Бирок эл менен жолугушууда иштөө жөнүндө маалымат гана бериши керек. Анын ишине маалымат каражаттары да баа бербеши зарыл. Мисалы, Курманбек Салиевич Таласта болгон учурда 1 миллион сом берди жана профсоюз кызматкерлери менен жолугушууда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн 2 миллион сом берди. Бул принцибинде орой мыйзам бузуу болбосо дагы административдик ресурсту пайдалануу.

Сулайман Иманбаевдин айтымында, бирок бул көрүнүштөр Бакиевди марадан чыгарууга негиз боло албайт.

Премьер-министр Курманбек Бакиев өзү болсо регион, ишканаларды үгүт жүргүзүү максаты менен эмес, өкмөт башчылык милдетин аткаруу үчүн кыдырып жаткандыгын өкмөт үйүндөгү жыйында төмөнкүчө билдирди:

- Шайлоо өнөктүгү баштала элек. Премьер-министр катары мен кыдырууга милдеттүүмүн. Ошон үчүн мындан ары да кыдырам. Мен муну менен өзүмдүн функционалдык милдетимди аткарып жатам. Аны үгүт иши деп саноого болбойт да! Эгер жолугушууларда кимдир бирөө «Курманбек Салиевич, биз сизди колдойбуз» десе, кечирип койгула, мен анын оозун жаба албайм жана аны үгүт иши деп баалаганга болбойт! Үгүт иши азыр баштала элек, ал Шайлоо мыйзамына ылайык өз мөөнөтүндө болот.

Ал эми талапкерлердин дооматын эске алуу керек деген Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, комиссия өкмөт башчыга эскертүү катын жөнөттү:

- Биз Курманбек Бакиевге расмий түрдө кат жаздык жана оозеки түрүндө мыйзамды сыйлаш керек деп айттык. Бирок калыстык үчүн айтыш керек, ал киши шайлоо маалында салтанаттуу иш-чараларга катышпаш керек деген норманы жакшы кармап, өз иш планынан алып салды. Анан иштеп жаткан премьер-министр катары бир заводду көрүүгө милдеттүү. Менимче, бул жерде мыйзам бузуу жок. Биз мындай аракеттер тууралуу расмий кат жөнөттүк.

XS
SM
MD
LG