Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Орусиянын айтымында, Анжиян окуяларына чечендер катышкан


Шанхай кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин Астана шаарында өтүп жаткан жыйынында бүгүн орусиялык министр Сергей Лавров - Анжиян окуяларына чечен жоокерлери катышкан деп дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, коолагаңга башка да чет өлкөлүк согушкерлердин тийешеси бар. Алгачкы жолу ал тууралуу Лавров 2-июнда Владивосток шаарында өткөн Орусия, Индия жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирген. 13-14-май күндөрү болгон коогалаңда расми маалыматтар боюнча Анжиянда 173 адам өлгөн, бирок укук коргоочулардын айтымында, курман болгондордун саны миңден ашык.

XS
SM
MD
LG