Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Күрд автономиясынын парламентинин сессиясы башталды


Ирактын Арбил шаарында бүгүн башталган Күрд автономиясынын парламентинин биринчи сессиясында анын спикери болуп Аднан ал-Муфти шайланды. Сессияга Ирактын жаңы президенти Жалал Талабани жана өлкө парламентинин спикери Хажим ал-Хасани катышууда, бирок премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари келген жок. Президент Талабани улуту боюнча күрд, спикер Хасани сунни, ал эми премьер Жаафари шийи мусулман. Күрд парламенти 111 депутаттан турат, автономиянын президенти болуп Масуд Барзани шайланган.

XS
SM
MD
LG