Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

БУУДАЛЫКТА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ БАР


Кубанычбек Жолдошев, Ош Алай районундагы Буудалык айыл өкмөтүнүн тургундары жер көчкү коркунучун алдын алуу боюнча өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнө нааразы. Буудалыктыктар райондун борбору менен жол катнашынын начардыгына, жер көчкү коркунучу бар участоктордун көбөйүп жатышына жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн ошондой кооптуу аймактарда жашап турушуна тынчсызданышууда.

Эске сала кетүүчү жагдай 2004-жылы 27-апрелде Буудалык айыл өкмөтүнүн Кайнама айылында жер көчкү түшүп, анын кесепетинен 33 адам каза болгон эле. Ош облустук атуулдук коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, мындай кооптуу жер көчкү коркунучу бар участоктор Алай району боюнча ондоп саналат.

Буудалык айыл өкмөтүнүн тургуну Эсенбек Моюлов кооптуу участоктордон өткөн жылы көчүрүлгөн үй-бүлөлөр каржынын жоктугунан улам турак-жай кура алышпай, кайрадан мурунку конуштарына кайтып келип жатышкандыгына токтолду:

- Бизде коркунучтуу абал түзүлүп, бүт көчүргүлө деп, башка өйүзгө өткөрүп, план тартып берген. Ал жака чатыр менен өтүп бир айдай турдук.Аакча болбойт экен, ссуда жок экен дегенинен улам кайра муруңку коркунучтуу жерге жайгашып отуруп атабыз. Бери жакта эч ким калбады, жай салган деле адам жок. Абал коркунучту болуп турат.

Буудалыктагы жер көчкү коркунучу бар аймакта бир канча убакыттан бери жашап жаткан Мундузбек Абдыкеримов башка коопсуз жерге көчүрүү боюнча бийлик өкүлдөрү кеңеш бергени менен өз деңгээлинде материалдык жардам көрсөтө албай жаткандыгына нааразы экендигин белгиледи:

- Эң жаман нерсе ушул – Буудалык эстен чыгып калды. Жашаган жерибизди бардыгы көрсө болот. Бүт эле көчкү. Буудалыкка көп көңүл бурбай атышат, бизди караган эч ким жок. Кантип жашап атабыз эч ким билбейт. Телефон бир күн болсо он күн жок.

Учурда Буудалык айыл өкмөтүн райондун борбору менен байланыштыруучу автожолдун абалы начар. Жер көчкү дарыяны бөгөп калгандыктан улам, суу жолду эчак алып кеткен. Мына ошондуктан жүргүнчүлөр райондун боруна атчан каттоого аргасыз.

- Муктаждык көп. Ун, чай алыш керек, оору-сыркоо, күнүмдүк тирилик болот экен. Транспорт өтө эле кыйын болуп атат. Күн жаап койгон убактарда жолго чыгуу мүмкүн эмес. Аттуу адамдар илгеркидей ун ташып атышат, - деди Буудалык айылынын тургуну Жаныбек Матаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жергиликтүү казынанын алсыздыгынан улам Буудалыктын маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилүүгө тийиш деп эсептешет. Алай районунун акиминин милдетин аткаруучу Жумаш Калбаев автожолдун абалы, берилбей калган ссуданын тагдыры жана жер көчкүгө байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөткө кайрылуу жөнөтүлгөндүгүн, бирок алигиче жооп келбей жаткандыгын белгиледи:

- Бул маселе боюнча облустук администрацияга, өзгөчө кырдаалдар министрлигине, өкмөттүн алдындагы курулуш иштер боюнча департаментке саны, сапаты боюнча анализдеп каттар менен кайрылганбыз.

XS
SM
MD
LG