Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 6-июнда өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүп, дарыяларда суулардын агымы көбөйүп, ташкындоосу күтүлүүдө.

6-июнда түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28 градус. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус ысык болот. Ал эми Ысыккөл аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25 градус жылуу. Тоолуу Нарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28 градус.

Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +26...+28 градус.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова даярдады.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG