Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Өзбек бозгундарынын абалы атуулдук коомду чочулатууда


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги өзбекстандык качкындар боюнча эч нерседен коркпостон, эл аралык нормаларга ылайык чечим кабыл алышы керек. Мындай пикирин жекшембиде “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмдун лидери Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бийлик органдары качкындарга эч кимди киргизбей тороп жатканы чочулатууда. Төлөйкан Исмаилова кыргыз жана өзбек бийлиги бозгундардын катарын өз алдынча эмес, эл аралык уюмдардын кийгилишүүсү менен иликтеп чыгышы керек дейт. 4- июнда Ош шаарында Тышкы иштер министри Роза Отунбаева баштаган Кыргызстандын өкүлдөрү Өзбекстандын Тышкы иштер министри Элиор Гониев, Анжиян облусунун губернатору өңдүү өзбек бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушкан. Кыргыз тарап бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат тараткан жок. Өзбекстандын Тышкы иштер министри Элиор Гониев “АКИ пресс- Фергана” агенттигине 4- июнда “тараптар орчундуу маселелерди сүйлөштүк, эки тарап тең аны аткарганга аракет кылат” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG