Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Наманганда шахмат боюнча Азия биринчилиги үчүн мелдеш аяктады


БИШКЕК. Өспүрүмдөр арасында өткөн акыл таймашында кыргызстандык өспүрүм баш байгенин ээси болду. 16 жашка чейинки жаш шахматчылардын акыл таймашына Индия, Иран, Вьетнам, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Каражат маселеси чечилбей Кыргызстандан Азамат Козубай уулу менен Семетей Төлөгөн тегин Наманганга барышкан. Азия чемпиондугу үчүн 9 тур беттешүүнүн жыйынтыгында 6 жарым упай топтоого жетишкен кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандыктар Евгений Пак менен Андрей Квон утуп алышты. Былтыркы Азия чемпиону вьетнамдык Ли бул жолу бешинчи орунга жылып калды. Азия чемпиону болгон кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин 2001- жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло байгелүү болгон. Ал эми Азамат Козубай уулу бул Азия биринчилигинде 9- орунду ээледи.

XS
SM
MD
LG