БУУнун Эл аралык кылмыш соту Судандын Дарфур провинциясындагы аскерий кылмыштарды иликтейт. Эки жылга созулган куралдуу жаңжалдар менен ачарчылыктан Дарфурда 300 миңдей адам мерт болгон, 2 миллиондой адам үй – жайынан айрылган. БУУнун Коопсуздук кеңеши Дарфурдагы кырдаалды кароону Эл аралык кылмыш сотуна берүүнү быйыл март айында чечкен болчу.