Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

КИЧИ- ФУТБОЛ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУ


22-майдан 4-июнга чейин Вьетнамдын Хошемин шаарында кичи футбол боюнча Азия чемпионаты өткөрүлүп, 24 өлкө таймашкан мелдеште Кыргызстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.

Хошемин шаарындагы кичи футбол боюнча Азия чемпионатына 24 өлкөнүн тандалган командалары катышты. Алар чүчүкулак кармоодо 6 топко бөлүнүп, атаандаштары аныкталган. Мында Кыргызстандын тандалма командасы “F” тобундагы атаандаштары Ирак, Гонконг, Вьетнам өлкөлөрүнүн футболчулары менен таймашты. Иракты 2:0 эсебинде, Гонконгду 5:0 эсеби менен жана оюн ээлери вьетнамдыктарды 4:1 эсебинде жеңген Кыргызстандын командасы чейрек финалда Өзбекстан менен Тажикстандын командасын да утуп алган. Жарым финалга чыгуу үчүн таймашта Кувейттин командасын 4:1 эсебинде жеңип, Жапан өлкөсү менен беттешүүгө укук алышкан. Бул мөрөй талашууда 4:3 эсебинде Кыргызстандын командасы жапандарга жеңилип калганы менен Азия чемпионатынын коло байгесине татыктуу болушту.

Бул Кыргызстандын футбол тарыхындагы чоң жетишкендик экенин өлкөнүн кичи футбол ассосациясынын координациялык кеңешинин төрагасы Медет Букуев белгиледи:

- Быйылкы Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өттү. Атаандаштардын даярдыгы дурус экен. Азия кичи футбол ассоциациясы мелдештин жыйынтыгы боюнча тандалма команданы түзүп, алардын катарында кыргызстандык жигиттер да кошулду. Кыргызстандын тандалма командасынын катарында ойногон 5 футболчуга Кытай, Гонгконг, Кувейт, Вьетнам өлкөлөрүнөн атайын чакыруу келишими берилди. Биз кеңешип, ылайыктуусуна токтолобуз.

Он төрт күндүк мелдештин жыйынтыгы боюнча Ирандын командасы Азиянын чемпиондугун удаасы менен жетинчи ирет жеңип алды. Экинчи орунду Жапаниянын командасы ээлеп , күмүш байгелүү болду.

Азия чемпионатына 14 оюнчунун ордуна 11 футболчусу барган Кыргызстандын командасы үчүнчү орунду камсыз кылды. Өзбекстандын командасы төртүнчү орунду ээледи.

Кыргызстандын командасынын футболчулары Нуржан Жетибаев, Эмил Кенжесариев, Марат Думанаев, Андрей Пестряков жана Данияр Абдраимов Азия чемпионаттын мыкты оюнчулары аталды.

Кичи футбол боюнча тандалма командасынын алдыдагы максаттары тууралуу команданын дарбазачысы Эркин Расулов буларды билдирди:

- Май айындагы Вьетнам мамлекетинде Азиянын биринчилиги өтүп, атаандашуу курч мүнөздө болду. Сентябрдын аягында Баку шаарында быйыл биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн биринчилиги өтөт. Ноябрь айында болсо Тайланд мамлекетинде жабык имаратта Азия өлкөлөрүнүн чемпионаты өткөрүлөт. Ошол чемпионатка катышабыз буюрса.

Азия чемпионатында мыкты футболчу катары таанылган өлкөнүн тандалма командасынын чабуулчусу Нуржан Жетибаев мелдештер курч мүнөздө өткөнүн белгиледи.

Кыргызстандын аймагында учурда кичи футбол боюнча 500дөн ашуун команда түзүлүп, бул оюндун таасири артып баратат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG