Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

СЕРБИЯЛЫК АСКЕРИЙ КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН КЫҢЫР ИШТЕРИ АЧЫККА ЧЫГУУДА


Замира Кожобаева, Прага Мындан он жыл мурунку Босниялык серб аскерлеринин алты кишини мыкаачылык менен өлтүрүп жаткандыгы тууралуу тасма Сербия сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөндөн кийин бул тууралуу эл арасында көп сөз боло баштады. Тасмага Сербиянын жетекчилери да көңүл бөлүп, мурдатан айтып келген айрым сөздөрүн кайра алууга мажбур болушууда.

Босниянын Тузла шаарынын тургуну Нура Алифахис июнь айынын биринчи күнү жаңылыктарды көрүү үчүн сыналгыны койсо, мындан он жыл мурун өлтүрүлгөн өспүрүм баласы Азмир өлүм алдында турган экен:

- Мага ошол замат уулум элестеп, ал менин көз алдымда өлтүрүлүп жаткандай сезилип кетти. Аны атышып, уулум жыгылганда мен кыйкырып жибердим: -Менин уулум, менин уулумду алар менин көз алдымда өлтүрүштү.

Нуранын уулу Азмир Сербияда көрсөтүлгөн видеотасмадагы 1995-жылы Боснияга жакын жайгашкан Сребреница шаарында согушчан серб күчтөрү тарабынан өлтүрүлүп жаткан алты мусулмандын бири болчу.

Тасмада серб аскерлери төрт адамды бир катарга тизип, аларды атып өлтүрүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Ошондой эле анда эки кишиге дагы бирөө ок тийгендердин толук өлгөнүн текшерүүнү буйруп жаткан сөздөрү угулуп турат.

Бул серб аскерлери тарабынан Сребреница шаарында жашаган 7 000 ден ашуун мусулман эркектерди жана балдарды кырып өлтүргөндүгү тууралуу көрсөткөн биринчи материал болду. Тасма сыналгы аркылуу көрсөтүлөөрү менен Сербиядагы элдин арасында он жыл мурунку серб күчтөрүнүн дарегине нааразылыктар пайда болду. Өткөн айда жүргүзүлгөн сурамжылоо көпчүлүк эл мындай кыргын болгонуна ишенбей тургандыктарын көрсөткөн эле. Бирок сыналгыдан видеотасма көрсөтүлгөн соң көпчүлүк эл ойлорун өзгөртүштү.

Видеотасма сербиялык аткаминерлерди да буга чейин айтып келген айрым сөздөрүн кайрып алууга мажбур кылды. Президент Борис Тадич тасманы түрдүү улуттагы адамдарга каршы жасалган шумдуктай кылмыштын далили деп баалады.

Тасма көрсөтүлгөнлөн кийин бир күндүн ичинде андагы окуяга тиешеси бар деген шек менен 10 киши камакка алынды. Бирок фильмде Сребреницадагы кыргынга жоопкер кишилер дагы деле ачыкта жүрүшкөндүгүн көрсөттү. Мисалы алар: он жыл мурунку Босниянын аскер командачысы Ратко Младич жана саясий лидер Радован Караджич.

Жума күнү БУУ нун аскерий кылмышкерлер боюнча Башкы прокурору Карла Дэль Понт тасма дагы бир жолу буларды камоонун зарылчылыгын тастыктагандыгын айтты:

- Менин оюмча, 2005-жылдын июль айында Сребреница шаарында болгон кыргын тууралуу шаршемби күнү биз көргөн шумдуктай видеотасма Радован Караджич менен Ратко Младичти камоону көпкө создуктурбай, Гаага сотунда жоопко тартуу керек экендигин көрсөттү.

Үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Сребреницадагы кыргындын он жылдыгы белгиленет. Понтенин айтымында, ага чейин Караджич менен Младичти соттоо - Сребреницанын курмандыктарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө урмат кылуу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG