Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Нарындагы Каракече көмүр кенинде иш токтоду


НАРЫН. Мындай маалымат 7-июнь күнү Нарын облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Үсөнаалы Абдыгазиевден алынды. Анын айтымында 6-июнь күнү 200дөй адам Каракечедеги «Бешсары», «Шарбол» жана «Акжол» аттуу фирмаларга таандык ташкөмүр казылган жерлердин жолун бууп алышкан. Алардын бийликке нааразычылыктары жок. Алар көмүр менен камсыз кылууда элдин кызыкчылыгы четке кагылып, жолдор талкалангандыгына жана жумушчуларды негизсиз бошотууларга нааразы. Үсөнаалы Абдыгазиевдин айтымында, эмгек акынын убагында төлөнбөгөндүгү да доомат артууга негиз болгон. Ал мындан сырткары 7-июнь күнү өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн жана комиссиянын алгачкы тобу Каракечеге келгендигин кошумчалап, «Бешсары» фирмасы депутат Камчыбек Жолдошбаевге, «Шарбол» «Мээрим» фондусуна жана «Акжол» Турдакун Усубалиевге таандык экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG