Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Азимбек Бекназаров Башкы прокурорлук кызматка бекитилди


БИШКЕК. 7-июнда Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровду 58 добуш менен бул кызматка бекитти. Жашыруун добуш берүүнүн алдында депутаттар Бекназаровго коррупциялык иштерге байланыштуу суроолор берип, анын соңунда бажы, энергетика, газ жана башка тармактардагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоону тапшырды. Депутат Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүүлүк, айкындуулук болуш керектигин, Акаевден башка да коррупцияга тиешеси бар жогорку даражадагы кызматкерлер жоопкерчиликке тартылыш керек деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG