Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя иликтенүүдө


БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасында кыргыз чек арачылары менен тажик атуулдарынын ортсундагы жаңжал учурда эки тараптуу чек ара кызматкерлери тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан иликтенүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
6-июнда Кыргыз-Тажик чек арасында Кыргызстандык үч чек арачы мыйзамсыз аракети үчүн жети тажик атуулун кармоого аракет жасаганда, кагылышуу болгон. Кагылуушуда асманга атылган ок тажик атуулуна жаңылып, ал кийинчерээк көз жумган. Окуядан кийин Тажикстандын Чорку айылынын жыйырмадай тургундары үч кыргыз чек ара кызматкерин кармап, Чорку айылына алып кеткен. Кыргыз чек ара кызматы өз аскерлерин издөөгө алганда, аларды Тажикстандын тартип коргоо органдары Чкаловск шаарына алып кеткени аныкталган.

Акыркы маалыматтарга караганда үч чек арачынын аты-жөнү учурда такталды.

XS
SM
MD
LG