Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

БУШ МЕНЕН БЛЭР АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КАРЫЗДАРЫН КЕЧҮҮГӨ ДАЯР


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен Британиянын премьер-министри Тони Блэр Африка өлкөлөрүнүн карызынын бир бөлүгүн кечүүгө даяр экендиктеринин ишара кылышты. Бирок шейшембиде Вашингтондо өткөн жолугушууда эки лидер Африканын эң жакыр өлкөлөрүнө бөлүнгөн жардамдын көлөмүн көбөйтүү, жердин глобалдуу ысышы өңдүү маселелер боюнча орток пикирге келе алышкан жок.

Биргелешкен пресс-конференцияда Буш менен Блэр өнүгүп келаткан африкалык мамлекеттердин карызын 100 пайызга кыскартуу сунушун даярдап жатышканын билдиришти. Бул долбоор дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттеринин лидерлери 6-июлда Шотландияда кезектеги саммитке чогулганда талкууга коюлмакчы.

Бирок эки жетекчи тең белгилегендей:

- Африканын лидерлери да коорупцияга каршы күрөшүү, демократияны өнүктүрүү, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу өңдүү милдеттемелерди алышышы керек.

Бирок Британ өкмөт башчысы Африка мамлекеттерине жардам иретинде жылына ондогон миллиард доллар бөлүп берип, алардын глобалдуу инвестиция рыногундагы кудуретин көтөрүү идеясына президент Бушту көндүрө алган жок. Мындай механизм АКШнын бюдджетине карама-каршы келет, - деди Буш.

Ирактагы согуштун кесепеттернен улам Блэр менен Буштун рейтинги кыйла төмөндөй түшкөнү белгилүү. Буга карабай, эки лидер Ирактагы демократияны куруу аракеттерине колдоосун уланта берээрин кайталашты. Бул тууралуу Тони Блер мындай деди:

- Ирактын эркин, демократиялуу өлкө катары жашап кетүүсү - негизги максат. Ага жетүү Ирак эли үчүн гана эмес бүтүндөй дүйнө үчүн маанилүү.

Өткөн айда 2002-жылкы бир сырдуу документ ачыкка чыккан. Анда Британ чалгындоо кызматтары АКШнын расмий адамдары Иракка согуш ачууну актоо үчүн чалгынчыларды жалган маалымат менен камсыз кылган деп болжолдошкон.

Пресс-конференцияда Блэр менен Буш Ирак кризисин саясий жол менен чечүүгө аракеттеннип келишкенин ырасташты. Согуштан башка аргабыз калган эмес, - деди Буш:

- Кай бир кишилер биз Саддамга каршы куралдуу күч колдонууну максат кылып алганбыз дешет. Бул чындыктан таптакыр алыс. Премьер-министр Блэр менен маселени тынч чечүүнүн жолдорун талкуулап келгенбиз.

Жолугушууда жер шарынын климаттык өзгөрүүлөрү жөнүндө да сөз болду. Вашингтон менен Лондон ортосунда айрым пикир келишпестиктер бар болгону менен, эки лидер тең бул маселени сөзсүз чечиш керек деген ойлорун билдиришти.

Кошмо Штаттары өндүрштүк газдардын абага бөлүнүп чыгуусун көзөмөлгө алган Киото протоколуна кошулбаганын белгилей кетели.

XS
SM
MD
LG