Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

КОРРУПЦИЯ 7-КАБАТКА КӨТӨРҮЛДҮБҮ ЖЕ ЫЛДЫЙ ТҮШТҮБҮ? ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН ТАГДЫРЫ


Коррупция маселеси ар дайым эле курч маселелердин бири болуп келген. Кыргызстандагы коррупция тууралуу макалалар “Замандаш” журналынын жаңы санында жарыяланды. Ал эми “Заман Кыргызстан” гезити кезектеги санында миграция маселесин чагылдырды.

«Заман Кыргызстан» гезитинин 10-июнда чыга турган санында ички жана тышкы миграция маселелерине арналган макалалар чыгып атат. «Азыр тышкы миграция боюнча аз да болсо маалымат бар. Бул багытта көп иштер жасалып жаткан учурда, ички миграция унутулуп калгандай. Айылдардан Бишкекке жана Чүй областына канча адам келгени жөнүндө азыр так маалымат жок» деп жазат журналист Бурул Бобуева.

Андан сырткары автор өз мекенине кайткан этникалык кыргыздардын «экинчи сорт» болуп жүргөндүгү туурасында «Тажикстандан 13 370 этникалык кыргыздар граждандык согуштун кесепетинен тарыхый мекенине кайтып келгендерине бир топ жыл болду. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгүндө бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын жараны деген паспорту жок, үй менен жер маселеси да али чечиле элек» деп баяндайт.

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги эмгек мигранттарынын проблемалары боюнча түзүлгөн комиссиянын жетекчиси Кубанычбек Исабеков Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин абалы боюнча "Былтыр биздин 72 мекендешибиз ар түрдүү себептер менен бөтөн жерде көз жумган. Анын 46сы кылмыш жолу менен өлтүрүлгөн. Орусия тарабынан бул иштер боюнча кылмыш иши козголуп, бирок акырына чыкпай эле жабылып калган» деп билдирген.

Мындан сырткары гезит республикадагы болуп жаткан коомдук-саясий, экономикалык жаңылыктарга орун берген.

Ал эми “Мекен” гезитинин жаңы санында журналист К.Токтошевдин “Түндүк- Түштүк: аймак атаандаштыгыбы же кадрлар кармашыбы?”- деген сереби жарыяланды.

Ушул эле гезитте «Калчанган Конституция канчага коштойт?» деген көлөмдүү макала чыкты. Анда Кыргызстандын Баш мыйзамынын 2003-жылдан кийинки редакцияларына жаңыча ой жүгүртүүлөр жазылды.

Ал эми ай сайын чыгуучу “Замандаш” журналынын июнда чыккан санында Абдыкерим Муратовдун “Коррупция жерден 7-кабатка көтөрүлдүбү же 7-кабаттан жерге түштүбү?” деген макаласы чыкты. Анда автор: ”Биринчи кыргыз президентинин бийлигинин кулашынын башкы себеби коррупция деп айтып атабыз. Эмне, убагында ошону көрбөй-билбей, айтпай жүрдүк беле? Айтып атканбыз, аралашып, булганып, кошо жашаганбыз, дүйнөлүк социологиялык изилдөөлөр Кыргызстанды эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн тизмесине улам тереңдетип киргизип жаткан. А бир жолу Аскар Акаевич коррупция өзү отурган 7-кабатка чейин чыккандыгын айтканы бар. Жакында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, тилекке каршы, коррупция 7-кабатта уялап, анан төмөн түшкөндүгүн кашкайта тастыктап салды”, деп жазат.

Ушул эле журналда коррупция темасын журналист Жыргалбек Касаболотов “Өлкөнү өксүткөн коррупция коркунучу” деген макаласы менен улады. Анда автор “Мурдагы президенттин айткан-деген сөздөрүнөн, жазган программаларынан, көздөгөн идеяларынан кынтык табыш кыйын болчу. Ал тургай алгачкы беш-он жылда ал коңшулаш мамлекеттердикине караганда алда канча прогрессивдүү, таза, ак ниет адам болгонун да эч ким тана албайт. 2000-жылдагы президенттик шайлоого да мурдагы мамлекет башчысы жакындарынын, айлана-тегерегиндегилердин кысымы менен барганы айтылып жүрөт. Эмнеси болсо да бир адамдын бийлигине байланган коррупция, айрыкча ал адамдын саясий эрки бош болсо, бүтүндөй өлкөнү жок болуп кетүү коркунучуна алып келээрин тажрыйба көрсөттү. Мамлекет башчысынын күйөө баласы 100дон ашык ишканадан киреше таап, дээрлик бүт Кыргызстанды сызга отургузуп коюп качып жүрсө башка эмне дейбиз?” деп жазат.

Ошондой эле автор Кыргызстанда ушул күнгө чейин “натыйжасыз коррупция” орун алып жатканын баса белгилеген.
XS
SM
MD
LG