Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Түркмөн президенти Түркмөнстанда иштеген франциялык фирманы сынга алды


Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов кечээ күнү Ашгабад шаарында "Буйже" аттуу франциялык курулуш компаниясынын вице-президенти менен жолугуп, компания Түркмөнстанды алдап жатат деп билдирди. Ниязовдун айтымында, ал төрөлгөн шаарда бул фирма мечит курган, бирок ал начар болуп калган. "Буйже" Түркмөнстанда президенттик сарай, парламент имаратын, курултайлар өткөрүлүүчү жайды куруп берген жана дагы бир нече имарат тургузууга контракт алган. Эми анын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган атайын комиссия түзүлөт, аны президент өзү жетектейт.

XS
SM
MD
LG