Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

НАТО уюму Ооганстандагы абалды талкуулады


Бүгүн Брюссел шаарында НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтүп, анда - Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерин кеңейтүү маселелери талкууланды. Сентябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана уюм өзүнүн Ооганстандагы азыркы 8300 аскерине дагы кошумча үч миң жоокер жиберет, алар негизинен Румыния, Испания жана Нидерланддан чакырылат. Жыйында Африканын Дарфур аймагындагы абал дагы талкууланды жана эми бул аймакка африкалык бейпилдик аскерлери НАТОнун күчтөрү катары жиберилет. Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин да жыйын болот.

XS
SM
MD
LG