Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

ӨЗБЕКСТАН ЕВРОБИРИМДИКТИН ӨКҮЛҮНӨ ВИЗА БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТКАН


Ушул аптада белгилүү болгондой Өзбекстан Евробиримдиктин аткаруучу органы- Еврокомиссияда тышкы саясатты тейлеген Хавьер Солананын адам укуктары боюнча жеке өкүлүнүн өлкөгө келүүсүнө уруксат берген эмес. Буга байланыштуу Брюсселден Ташкенге жөнөтүлгөн катта Өзбекстан эки тараптуу алаканын негизин түзгөн Өнөктөштүк жана Кызматташтык келишимине шек туудуруп жатканы ишара кылынган.

Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Өзбекстанды санкция менен коркутуудан карманып жатканына карабай соңку аптанын окуялары жакынкы аралыкта мындан качуу мүмкүн эместигин каңкуулоодо. Расмий адамдардын айтымында, маселен өткөн жума күнү Ташкен уюмда тышкы саясатты тейлеген Хавьер Солананын адам укуктары боюнча жеке өкүлү Мишель Маттиссенге виза берүүдөн баш тарткан. Ал Анжиан шаарына барууну жана президент Ислам Каримовду өткөн айдагы окуялар боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө ынандырууну көздөгөн эле. Башка эл аралык уюмдар сыяктуу эле Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери да мындай иликтөөнүн зарылдыгын ошол 13-майдагы окуялардан көп өтпөй эле болгон жыйынынын декларациясында көргөзүшкөн болчу.

Өкүлүнүн виза албаганына байланыштуу Хавьер Солана өзбек президенти Ислам Каримовдун наамына кат жөнөткөн. Ал шейшембиде кабарчылар менен болгон маегинде мындай деди:

- Мен президент Каримовго кат жибердим. Азырынча жооп жок. Өз өкүлүмдү азыр да Өзбекстанга жөнөтүүгө даярмын. Адам укуктары боюнча өкүлүм Мишель Маттисен мырза акыр аягында ал жакка бара алат деген үмүттөмүн.

Ховьер Солананын өзбек президентине жиберилген катында Евробиримдик дипломатиялык өкүлдөр диалог жүргүзүү үчүн ар убак
кабыл алыныш керек деген ишенимде экени, мындай байланыштарга ачыктык эки ортодогу Өнөктөштүк жана Кызматташтык келишиминин негизин түзөөрү көргөзүлгөн.

Өзбекстан тараптан уюмдун өкүлүнө эмне үчүн виза берилбегенин түшүндүргөн расмий жооп болгон эмес. Өзбек тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө болсо, өлкө азыркы учурда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери өз декларациясында көтөргөн маселени талкуулоого муктаж эмес экени айтылган.

Айтор жогорудагы мисалдан улам Евробиримдик да Өзбекстандын өзүнө окшоп, Каримовдун режиминин мүчөлөрүнө виза берүүдөн баш тартуусу мүмкүнбү?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысынын билдиргенине караганда, уюмдун өкүлдөрү азырынча бул тууралуу сөз кылууну каалашкан жок. Анткен менен уюмдун өкүлү белгилегендей, ага мүчө өлкөлөр аталган кабарды катуу иренжүү менен кабыл алышкан.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилери жагдайды шейшембиде Брюсселдеги кеңешмесинде талкуулашкан. Бул тууралуу тышкы иштер министрлерин алдыдагы дүйшөмбүдө Люксембургда өтүүчү жыйынында да сөз болчудай. Дегеле Өзбекстандын маселеси Евробиримдиктин июндун 16-17сине белгиленген саммитинин күн тартибине да киргизилиши мүмкүн.

Мунун аралыгында маалымдалгандай, АКШ жана Евробиримдикке мүчө Франциянын элчилери Анжиан окуялары боюнча Өзбекстандын өзүндө жүргүзүлүп жаткан иликтөөгө мониторинг кылуучу топтун 8-июндагы жыйынына катышкан эмес. Өзбек өкмөтү көз карандысыз эл аралык иликтөө жөнүндөгү талаптарды четке кагып, бирок алардын иликтөөсүнө чет элдик дипломаттар байкоо салуусуна көнгөн болчу.

Өзбек тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул топтун алгачкы жыйынына Орусия, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын элчилери катышкан. Аталган өлкөлөрдүн көпчүлүгү президент Ислам Каримовдун Анжианда админстративдик имараттарды каратып алган демонстранттарга каршы күч колдонуу жөнүндөгү чечимин жактырган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG