Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ИШКЕРЛЕРДИН КЫРГЫЗСТАНГА КЫЗЫГУУСУ АРТУУДА


9-июнда Бишкекте «Кыргызстан инвесторлорду чакырат» аттуу инвестициялык форум соңуна чыкты. Ага бир катар өлкөлөрдөн ишкерлер катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, экономикалык абалы менен таанышты. Ишкерлер менен кыргыз бийлиги жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрдү.

24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноолор жана 10-июлга белгиленген президенттик шайлоо ишкерлерди аярлатып турганы белгилүү. Бирок жаңы өкмөт инвесторлордун көңүлүн алууга дилгир экендигин көрсөтүүдө. Ыңкылаптан кийинки алгачкы инвестициялык иш чарага өтө атакатуу компаниялардан Россиялык «Русал», “Базовый элемент”, ал эми Израилден айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө ык койгон “Феноман” компаниясынын өкүлдөрү келди. Алар менен форумдун алгачкы күнү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү жолугушуп, Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал, инвестициялык кырдаал тууралуу маалымат берди. Андан сырткары ар бир министрликте өз багытына жараша ишкерлер менен тегерек үстөлдөр өткөрүлдү. Мына ушул эки күндүк жакындан таанышуунун жыйынтыгы 9-июнда кечке жуук вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун катышуусу менен чыгарылды.
Адегенде Кыргызстандын министрлери жолугушуулар жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Андан кийин бир катар ишкерлер алган таасирлери менен бөлүштү.

100 миллион доллары жүгүртүүдө турган “Балтик интернешнл банктын” кожоюну Валерий Белоконь мындай пикирин билдирди:

- Улуттук банкта жакшы жолугушууларды өткөрдүк. Мыйзамдар, кадрдык потенциал өтө мыкты экен. Мен Бишкектеги эркин экономикалык аймакта да болдум. Ал жерге инвестиция салууга шашылыш керек, мырза ишкерлер. Шарты сонун экен. Мен, өкмөткө чет өлкөлүк ишкерлер кирген Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштаймын.

Израилден келген ишкер Дамиан Кудрявцев буларды билдирди:

- Биздин компаниянын форумдан чыгарган башкы бүтүмү-системалык иликтөөнү жүргүзүү керектигин аныктоосу болду. Форум өтө чукул уюштурулгандыктан Англия, Германия, Россиядагы инвестициялык компаниялар келүүгө үлгүрбөй, биз үчүн муну-муну билип келгиле деп, бизге тапшырды. Өнөр жайына инвестиция жасаган биздин компания үчүн Кыргызстандын Борбор Азиянын чок ортосунда турганы жана мына ошол потенциалдын ушул кезге чейин пайдаланылбай жатканы түшүнүксүз болуп турат. Биз булардын баарын терең иликтейбиз.

Форум соңунда айкын болгондой, “Русал” компаниясы электр энергиясын өндүрүүгө кызыкса, Salford. Gruzia компаниясынын өкүлү Ираклий Рухадзе телекоммуникация тармагына кызыгуусун билдирип, “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүнүн жол-жобосун кененирээк алууга кызыкты. Израилдик “Феноман” компаниясы болсо пахта, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө кызыгууда. Дагы бир Израил компаниясы асфаль-бетон чыгаруучу завод, жол куруу бизнесине кызыгуусун билдирүүдө.

Ишкерлерден кийин Данияр Үсөнов сөз сүйлөп, буларга токтолду:

- Жаңы өкмөт чыныгы ачык, базар экономикасы, либералдуу мыйзамдары бар өлкөнү курууну батыл жүргүзөт. Банк системасы ачык, ал эми менчик кол тийгис болот. Салык саясатындагы өзгөрүүлөр эми эле башталууда. Ал эми келерки жылдан баштап, жаңы салык кодекси ишке кирет. Ишканалардын карыздары жоюлуп, алар ишкерлерге таза берилет. Биз ишкерлерди күтөбүз. Күтүп эле калбай аларды тартууга аракетти күчөтөбүз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG