Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

Жогорку Кеңеш Жогорку соттогу абалды талкуулады


БИШКЕК. 10-июнда Жогорку Кеңеш Жогорку соттун айланасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Бишкек шаарынын милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиев бул маселе боюнча депутаттарга маалымат берип, 1-июнда Жогорку соттун имаратынын алдында кагылышууну уюштургандар кимдер экени белгилүү экенин жана кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатканын билдирди. Суваналиевдин айтымында, учурда Жогорку соттун алдында нааразылык пикетте атуулдар турушат. Бирок алар соттун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган жери жок. Депутаттар бул күнү Улуттук банктын Жалалабаддагы бөлүмүнөн ыңкылап учурунда уурдалган 23 миллион сомду уурдагандарды камакка алуу талабын да коюшту. Ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мырзакаримов бул иш боюнча депутаттарга атайын маалымат берилерин кабарлады. Талкуунун соңунда депутаттар Жогорку соттун ишин камсыздоо боюнча өкмөттүн аракетин канааттандырарлык эмес деп тапты.

XS
SM
MD
LG