Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

Шайлоодогу адам укуктары тегерек үстөлдө талкууланды


БИШКЕК. Адам укуктары жана шайлоо маселеси 10-июнда тегерек үстөлдө талкууланды. Бул отурумда адам укугун коргоодогу жарандык коомдун, мамлекеттик мекемелердин, сот системасынын орду, улуттук азчылыктардын, ички, тышкы мигранттардын, айыл калкынын жагдайлары талкууланды. Тегерек үстөлгө бардык бийлик бутактарынын, жарандык коомдун, маалымат каражаттарынын өкүлдөру катышты. Талкуунун биринчи бөлүгүн биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, вице-премьер -министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова алып барышты. Тегерек үстөлдү БУУнун Өнүгүү программасы жана ЕККУ каржылады.

XS
SM
MD
LG