Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:27

Бакиев президенттин милдетин аткаруучу кызматын таштабайт


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев шайлоо өнөктүгү учурунда премьер-министрлик кызматтан гана эс алууга чыгып, ал эми президенттин милдетин аткара берет. Бул тууралуу ал Айдаркен шаарчасында эл менен жолугушууда билдиргендигин президенттин маалымат кызматынан 10-июнда кабарлашты. Бакиев жолугушууда, кыргызстандыктар алдында эки маселе турганын, ал коррупцияны ооздуктоо жана өндүрүштү өнүктүрүү экенин белгиледи.
XS
SM
MD
LG