Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Иракта 16 кишинин сөөгү табылды


«Ройтерс» маалымат агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме берип кабарлагандай, Ирактын чыгышындагы Каим деген жерде 16 кишинин сөөгү табылды. Алар шаршембиде уурдалып кеткен ирактык аскерлерге таандыкпы же жокпу азырынча белгисиз болуп жатат. Европа комиссиясы жакында Багдадда кеңсесин ачмай болду. Бул жөнүндө комиссиянын тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферро Валднер билдирди.

Ошондой эле Ирактын Киркук шаарында кечээ козголоңчулардын огунан жергиликтүү полициянын жооптуу кызматкерлеринин бири каза тапты. Бүгүн болсо Басрада дагы бир полковник окко учту.

XS
SM
MD
LG