Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Президенттикке беш талапкер катталды


БИШКЕК. 11-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын токтомдору менен Турсунбай Бакир уулу, Жыпар Жекшеев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Токтайым Үмөталиева жана Жусупбек Шарипов президенттикке талапкерлер катары катталышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов аларга президенттикке талапкерлердин күбөлүктөрүн тапшырып, талапкерлерди шайлоо өнөктүгүнүн учурунда мыйзамдар менен Шайлоо кодексин сактоого чакырды. Талапкерлер да Борбордук шайлоо комиссиясынан адилет болунууну өтүнүштү. Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевди президенттикке талапкер катары каттоо алардын бул күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна катыша албай калышкандыгына байланыштуу 13-июнга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG