Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

ОРУСИЯДА КУМАР ОЙНОО КҮЧ АЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Маскөө калаасынын мэри Юрий Лужков бейшембиде шаардагы кумар ойноо автоматтары менен казино үйлөрдү тартипке салуу талабы менен федералдык бийликке кайрылуу жасады. Маскөөлүк бийлик маалымдаганга караганда, азыр ордо калаада 56 казино жана 50 миңден көп кумар ойноо автоматтары иштейт. Шаар бийлиги өлкөдө бул адаттын жайылып баратышына карабай кумар оюнун теске салчу мыйзам жай иштелип атканын эскерткен.

Маскөө шаардык дума депутаты Евгений Герасимов айтканга караганда, кумарчы, куду аракеч же бангичи сыяктуу айыкпас дарт. Андай дартка баш-оту менен берилип кеткен азыр 600 миңдей маскөөлүктөр бар. Ордо калаада азыр 56 казино же кумарчылык үйү, 2000ден ашуун оюнчу автоматтары иштейт.

Бейшембиде Маскөөнүн мэри Юрий Лужков оюнчулук ишкердикти ооздуктоо керек деди:

- Мен бул иште, кандай да болсун чечкиндүү чара көрүлүшүн каалайм. Ушул көз карашты коргойм. Бул барып турган бузукучулук, моарлдык жактан бузулуучулук.

Достоевскийдин кейипкерлерине окшогон кумарчыларды кызыккан киши азыр четтен таап ала турган болуп калды. Маселен, Орусиянын элдик артисти Лариса Лужина ушул себептен улам жакында эри менен ажырашып кеткен. Күйөөсү кантип кумарчы болуп кеткенин ал мындайча эскерет:

- Мен дал ушул оюнчулук ишкердиктен жапа чектим. Эрим экөбүз бүлө болуудан калдык. Ал жашы 56га келгенге карабай керелдин күнү кечке автоматтын тетигин ургулап, ал жерде жалдырап олтурчу. Көк мээ болгонсуп, ишине барганды койду. Акыры баарынан айрылды. Эртеден-кечке ал жерде олтуручу.

Орусияда оюнчулук ишкердиги барган сайын кучак жайып баратканын ал тармак ассосиациясы таркаткан маалыматтан байкаса болот. Ал жерде жазылган маалыматта, азыр, өлкөдө 310 миңге чукул оюнчу автоматтары бар. Алардан сырткары 4 миң 500гө чукул оюнчулук үстөлдөр иштейт.

Жаңы турмуш шарттаган жаңылыкты Орусия жер-жерлеринде ар кыл кабылдап атканы байкалат. Маселен, Белгород обулусунун мыйзам чыгаруу органы кумарчылыкка тыюу салган. Жума күнү андай мыйзамды кабыл алуу үчүн Краснояр крайынын мыйзам чыгаруу органы киришкени такталды.

«Азаттыктын» ал край боюнча кабарчысы Александр Макаров билдиргенге караганда, оюнчулук ишкердиги крайда кыйла мыйзам бузуучулукка барган:

- Краснояр крайында канча оюнчулук автомат бар экенин эч ким билбейт. Автоматтын ээлери салык инспекциясынын тизмесинен өтүүгө шашылышпайт. Же болбосо, бир оюнчулук автоматка уруксат алып чындыгында беш - алты автомат коюшат. Салык төлөө кызматкерлери акыркы жолку текшерүүсүндө оюнчулук автоматтарды мыйзамсыз коюп алгандыгы үчүн жүз элүү миң рублдей штраф такты.

Калыс карагандар ою боюнча, дегинкиси, оюнчу жайлары болгону дурус, бирок ал жаштар чөйрөсүнөн ары, ордо калаанын өңүр, бучкактарында отурукташканы жакшы.

Бейшембиде өкүмөт үйүнүн алдына жүздөн ашуун «Бирдиктүү Орусия» партиясынын кишилери пикет өткөрдү. Алардын талабы – кумар оюну боюнча ишкердикти жер-жерлердеги бийликке өткөрүп берүү болду. Анализчилер байкашынча, бул жерде бийликтин атуулдарды кумар ойноодон коргоо эмес эле кумар ойноо ишкердигиндеги менчикти кайра бөлүштүрүү болуп атат.

XS
SM
MD
LG