Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Жерге муктаж адамдар Ак үйдүн алдына келишти


БИШКЕК. 13-июнда түштөн кийин Бишкектен жер алабыз деген атуулдардын 100дөн ашуун өкүлү өкмөт үйүнө келишип, жер алуучулардын координациялык кеңешинин кайрылуусун президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевге тапшырышты. Алар кайрылууда жерге муктаж адамдардын мүдөөсүн өкмөт чечпесе, президенттик шайлоого тоскоолдук кылышаарын жарыя кылышты. Алар Бишкектин айланасынан мурдатан эле жер бөлдүрүп алып, кабаттаган үйлөрдү салып жаткан мурунку жана азыркы өкмөттүн өкүлдөрүн тартипке чакырууну талап кылышты. Жерге муктаж адамдардын айтымында, нааразылык акциясына чыгууга даяр адамдардын саны 20 миңден кем эмес. Ал эми тизмеде тургандардын саны 80 миң. Бишкектин Биринчи май райондук администрация башчысы Николай Байло болсо жерге муктаж адамдардын тизмесин тактоодо коомдук уюмдар тартип бузууларга баргандыктан элдин нааразылыгы күчөп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG