Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Ошто ок атылып, бир адам каза тапты


ОШ. Түшкү саат үч жарымдарда шаардагы Курманжан датка көчөсүнүн өйдөкү башынан «Алай» мейманканасын көздөй колдоруна таяк, темир арматура кармашкан денеси чың балдар мейманкананы басып алуу үчүн жөнөштү. Арасында аялдар да бар экен. Алар мейманканага 30 метрдей калганда имараттын ичинен ак түстөгү футболка кийинген балдар каршы чыгышты. Алардын арасынан аскердик коргонуу кийимин кийген эки адам номери жок машинадан «Калашников» автоматын алып чыгып, асманга ок ата башташты. Мейманкананы басып алууга ниеттенген адамдар туш-тарапка кача башташты. Ок атуудан алты адам оор жаракат алып, кечинде алардын бирөөсү көз жумду. Саат төрттөн кийин ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктан өткөн отряды келип, «Алай» мейманканасынын айланасындагы абалды көзөмөлгө ала башташты. Айрым маалымат булактары мейманкананы басып алууга аракет кылган топту мындан эки күн мурун Карасуу базарын басып алышкан адамдар жетектеп жатышкандыгын айтышты. Учурда ак футболкачан балдар мейманкананы кайтарып турушат. Ал эми качып кеткен адамдар шаардын экинчи бир четинде топтолушуп, экинчи ирет чабуулга даярданып жатат деген маалыматтар түшүп жатат. Бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG