Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Украин журналисти Георгий Гонгадзени өлтүргөн, деп айыпталып жаткан адамдар күнөөсүн мойнуна алышты


Украинанын Баш прокурору Святослав Пискундун айтымында, журналистти милиционерлер өлтүргөн. Бирок прокурор журналистти өлтүрүүнү буйургандардын аттарын атаган жок. Георгий Гонгадзе 2000-жылдын сентябрь айында жоголуп кеткен, ноябрь айында болсо Тарашин токойунда анын башы жок денеси табылган. Андан көп өтпөй, оппозициянын айтымында, бул киши өлтүрүүгө ошол кездеги президент Леонид Кучманын тийешеси бардыгын тастыктаган аудиотасмалар табылып, өлкөдө чоң саясий чуу чыккан. Чатак "саргылжын революциянын" себептеринин бири болуп калган.

Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Баян Жумакадыр кызы даярдады

XS
SM
MD
LG