Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Ош шаарындагы «Алай» мейманканасынын жанында болгон ок атышуунун себептери иликтенүүдө


ОШ. 14-июнь күнү эртең менен президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмамбет Матубраимов, шаар мэри Мамасадык Бакиров жана башка укук коргоо органдарынын жетекчилери кол койгон эскертүү кат депутат Баяман Эркинбаевдин «Алай» мейманканасында турушкан жактоочуларына тапшырылды. Катта “Алай» мейманканасында турган мекендештер, сиздерди 13-июнь күнү болгон окуянын себептерин иликтөө максатында имаратты таштап чыгып кетүүңүздөрдү суранабыз. Жазуу түрүндө кечке чейин жообу келбесе, сиздердин коопсуздугуңуздарга кепилдик бере албай калабыз” деп жазылган. Учурда 13-июнь күнкү окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ачык комментарий берүүдөн баш тартышууда.

13-июнь күнү автоматтан ок жеген балдардын бири кайтыш болгондугу жөнүндө кабарды Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысынын маалыматына таянып берген элек. Шейшембиде ал маалыматты Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтомамат Абдымомунов төгүндөдү.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Алишер Токсонбаев оорулардын жалпы абалы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Бизге жеткен маалымат боюнча, каргашалуу окуядан жалпы жонунан 12 адам ок жеген. Анын ичинен жетөө ооруканага кайрылган. Эң акыркы маалымат боюнча Талант Капаровдун акыбалы өтө оор.

XS
SM
MD
LG