Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Ошто тополоң басыла элек


БИШКЕК. Ош шаарындагы «Алай» мейманканасын жана Карасуу базарын басып алуу иштерин жогорку бийлик кызматында отурган адамдар атайылап уюштуруп жатышат. Мындай билдирүүнү 14-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев билдирди. Анын айтымында, басып алууларды уюштурууга президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыковдон көрсөтмө берилди деген маалыматтар бар жана ал тууралуу жергиликтүү адамдар көрсөтмө берүүгө даяр. Депутаттын айтымында, басып алуулар атайылап уюштурулуп жаткандыгын Ички иштер министрлиги баштаган тартип коргоо органдарынын чыр-чатак жасалганы жатат деп күн мурунтан берилген маалыматтарга көңүл бурбай жаткандыгы да негиз берет. Ал эми Ички иштер минстринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов «Алай» мейманканасын милиция кайтарууга алып, чыр-чатактын алдын алып жатат деп билдирди. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров депутаттар ишкер топтордун ич ара териштирүүсүн жөнү жок жерден саясатка айландырып жатат деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG