Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

МАЙКЛ ЖЭКСОН КҮНӨӨСҮЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ


Калифорния штатындагы Санта-Мария шаарынын соту америкалык поп жылдыз, ырчы Майкл Жэксонду күнөөсүз деп тапты. Ырчыга жашы жете элек балдарды аширет иштерге азгырган деген айып тагылган. Жэксондун дүйнөнүн булуң-бурчундагы ышкыбоздору бул кабарды кубануу менен кабыл алышты. Кээ бирлер болсо Жэксондун акталышына анын популярдуулугу жардам берди деп эсептешет.

12 мүчөдөн турган антчылдар соту Майкл Жэксонду бардык 10 пункт боюнча актады. Ошентип, прокурор сотту Жэксон жаш балдар менен зына жасаганга аракеттенген деп ынандыра алган жок. Сот жүрүп жаткан имараттын алдында чогулган ырчынын колдоочулары кабарды кубануу менен кабыл алышты.

Жэксонго каршы кылмыш иши 15 жашар өспүрүмдүн арызы боюнча козголгон. Ырчынын адвокаттары муну менен баланын үй-бүлөсү поп-жылдыздан акча өндүрүп алууну көздөгөн деп эсептешет.

28-мартта Жэксон Американын радиосуна берген маегинде күйөрмандарына ыраазылыгын билдирип, прокурорлор аны жок жерден күнөөлөп жатышканына басым жасаган:

- Сабырдуу болгула, мени менен болгула, мага ишенгиле, анткени мен акмын. Бул - атайлап жасалган иш.

Ырчы 1970-жылдары 4 бир тууганы менен чоң сахнада ырдап, популярдуу боло баштаган. Ансамблди атасы Жо Жэксон жетектечү. Ал кезде Майкл кичинекей бала болчу, бирок ошондо эле анын ырга жана бийге шыгы бар экени байкалып турган.

Ырчынын акталышы жөнүндөгү кабар тез эле тарап, Жэксондун Америкадагы гана эмес дүйнөнүн булуң-бурчундагы ышкыбоздору да сүйүнүчүн жашырбай, майрамдап жатышты.

- Менимче, ал мыкты адам. Ал балдардын арасында болууну жакшы көрөт. Мында жаман эч нерсе жок, - дейт австралиялык Бетти Освалд деген аял.

- Аны күнөөлөш үчүн да негиз жок болчу деп ойлойм. Менимче, ал жөн гана бала бойдон кала берүүдө, - дейт ырчынын лондондук күйөрмандардын бири.

Берлиндин борборундагы ресторандардын биринде отурган Марина Хөрнле кабарды угаары менен мындай ою менен бөлүштү:

- Бир жагынан мен Жэксон үчүн абдан кубанам. Бирок экинчи жагынан, ага тагылган айыптардын бардыгын ойлоп чыгаруу мүмкүн эмес деп ойлойм. Бардыгы тең Жэксонду опузалап, акча өндүрүп алуу үчүн жасалган десек, бул логикага сыйбайт. Кандайдыр бир күмөн саноо болсо, сот аны актоого тийиш эле. Андыктан, бул чечим туура болду. Майклды куттуктайм.

Антчылдар сотуна кирген атын атабаган бир аял ырчынын акталышынын себебин мындайча түшүндүрөт:

- Мен өзүмдү караңгылыкта сезип келдим. Коюлган суроолорго жооп алынган жок - деп, прокурорлор таныктарын жакшылап тастыктай алышкан жок деди.

Ал эми Санта Барбаранын прокурору Том Шеддон Жэксондун акталышына анын популярдуулугу кандайдыр бир таасир этти деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG