Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

БУУнун Башкы комиссариатынын өкүлдөрү Кыргызстанда


БИШКЕК. Алардын башкы максаты - өзбек өкмөтү эл аралык эксперттерди өлкөгө киргизбей койгондуктан, 13-майда Анжиянда болгон каргашаны Жалалабаддагы Өзбекстандык бозгундардын жардамы менен иликтөөгө алуу. Миссия качкындардын абалы менен таанышып, алардан Анжиан окуясы боюнча маалымат алышат. Курамы 5 адамдан турган бул миссияны Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн координатору Андерс Петерсон жетектейт. Сапар учурунда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Таалайбек Кыдыров менен жолугушуп, БУУнун Башкы комиссариаты менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

16-июнда миссия Жалалабад облусуна барышып, Тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча депертаменттин өкүлдөрү жана облус жетекчилиги менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык коопсуздук жана Бириккен Улуттар уюуму боюнча башкармалыгынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG