Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Тажикстанда прокурорлордун бийлик вазийпасы дагы күчөйөт


Тажик парламентинин өкүлдөр палатасы өлкөнүн Баш прокурорунун бийлик укугун кеңейтүү сунушун жактады. Сунуш террорчулук, маң аткезчилиги жана башка мыйзамсыз иштерди иликтөөдө Баш прокурорго кошумча вазийпа берет. Өкүлдөр жыйынынын мыйзам чыгаруу жана адам укугу комитетинин төрагасы Шерхон Салимовдун түшүндүрүшүнчө, жаңы сунушка ылайык прокурорлорду камакка алуу же аларга каршы кылмыш ишин козгоо үчүн Баш прокурордун санкциясы керек болот. Бул сунушту эми парламенттин жогорку палатасы бекитиш керек.

Кечки эл аралык кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады

XS
SM
MD
LG