Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ГУАНТАНАМОДОГУ АСКЕРДИК АБАК ЖАБЫЛАБЫ?


АКШнын вице-президенти Дик Чейни жана коргоо министри Доналд Рамсфелд Кубадагы Гуантанамо базасында жайгашкан аскердик абакты жабууга эч кандай негиз жок деген пикирде. Айрым укук коргоо уюмдары жана америкалык юристтер соңку кездери Гуантанамодогу абакта туткундарды кордоо фактылары жарыяланып кеткенинен улам көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда. Алар алыскы абактын тегерегиндеги окуялар Американын эл аралык аброюна шек келтирип жатат деп эсептешет.

Шаршембиде АКШ Сенатынын юридикалык комитети Гуантанамодогу абакты жабуу маселесин талкуулап, Кубадагы аскердик жайдын келечегин Конгресске алып чыгууну сунуш кылды. Чыр-чатак жакында Эл аралык мунапыс уюму жаңы докладында АКШнын Кубадагы аскердик абагын Сталиндин доорунда миллиондогон адамдардын убалына калган советтик ГУЛАГга салыштыргандан улам жанданды. Ушу тапта Гуантанамодо террорчу деп шектелген 500дөн ашуун туткун бар. 40тай өлкөнүн жарандары арасынан төртөөнө гана формалдуу түрдө кылмыш иши козголгон. Пентагон Кубадагы аскердик абакта мусулман туткундарды басмырлоо максатында Куранды кордоо фактылары болгонун моюнга алганы менен, коргоо министри Доналд Рамсфелд бул абаккана – АКШнын террорго каршы күрөшүндөгү өтө маанилүү курал экенин кайталап келатат.

- АКШ армиясы - өнүккөн коомдун душмандарынын диний сезимдерин терең урматтай алаарын да көрсөтүп келатат. Гуантанамодогу туткундар ыйык Куранга туура мамилени, алардын беш маал намаз окуу эрежесин да сыйлап мамиле кылгандарга күбө болууда, - деп билдирди шейшембиде Пентагондун жетекчиси.


Анын алдында дүйшөмбүдө АКШнын вице-президенти Дик Чейни Гуантанамодогу абаккананы жабуу пландары жок деп басым жасаган. Ал эл аралык укук коргоо уюмдарынын сын пикири Американын кадырына шек келтирүүдө деген көз караштарга макул эместигин белгиледи:

- Эл аралык көз караштан алганда бул бизге чындап зыян келтире алабы? Мен андай деп ойлобойм.


Вашингтондук эки жетекчинин мындай пикири менен Сенаттагы демократтар макул эмес. Сенатор Патрик Лехи Гуантанамодогу абактын тегерегиндеги окуялар улуттук ар-намыска шек келтирип жатат деп эсептейт:

-Гуантанамодогу окуялар биздин душмандардын эң ыңгайлуу куралы болуп берүүдө, - деп билдирди ал Сенатта шейшембиде өткөн талкуу маалында.


Андан ары сенатор Лехи президент Буштун администрациясы аскердик абакта көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө бут тосуп жатат деп сындады. Сенаттын юридикалык комитетинде өткөн талкуу маалында республикачыл сенаторлордун бир тобу Гуантанамодогу абаккананы обочолонтпой, ал жердеги абал жөнүндө ачык маалымат берүү керек деген пикирди колдошту.

Вашингтондо жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» уюмунун эксперти Сэм Зариф Вашингтон Гуантанамодогу гана эмес, Ирак, Ооганстанда туткундарга кандай мамиле жасалып жатканы жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү деген көз карашта.

- Эң чукул арада аткарыла турган маанилүү маселенин бири – бардык аскердик абактарда эл аралык мыйзамдар аткарылып жатканына ынандыруу. Гуантанамодогу туткундарга карата кыянатчыл мамиле коомчулукка маалым болуп калган соң, ушу тапта президент Буштун өкмөтү айрым чечкиндүү кадамдарды жасашы керек.


АКШ президенти Эл аралык мунапыс уюмунун докладында айтылгандарды четке кагып, Гуантанамодогу абакты Сталиндик ГУЛАГ менен салыштыруу акылга сыйбаган иш деп баалаган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG