Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Каракечедеги мыйзам бузууларды уюштургандарга кылмыш иши козголот


БИШКЕК. 16-июнда депутаттарга Каракечедеги окуя тууралуу биринчи вице-премьер-министр Феликс Кулов, Ички иштер минстринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов жана Улуттук коопсуздук кызматынына башчысынын орун басары Төлөн Мамытов маалымат беришти. Мурат Суталиновдун маалыматына караганда, Камчыбек Жолдошбаевдин жактоочулары менен нааразылык иш чарасынын катышуучуларынын ортосундагы кагылышуудан эч ким олуттуу жабыр тарткан жок. Окуя учурда тартип коргоо кызматкерлери тарабынан териштилип жатат жана жакынкы күндөрү мыйзам бузууну уюштургандарга кылмыш иши козголот.

Жумгал районунун эки жүздөй атуулу 6-июндан бери Каракече көмүр кенин ээлеп турушат. Алар Каракечеден көмүр казган ишканалар экологиялык эрежелерди сактабай, жолдорду талкалап, район элине көмүрдү кымбат баада саткандыгына нааразылык билдиришүүдө. Ошондой эле алар көмүр кенин мамлекеттин эсебине өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG