Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Экономикалык форум болду


БИШКЕК. 17-июнда Бишкекте улуттук экономикалык форум болду. Анда Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өнүгүү багыттары жазылган жаңы экономикалык программа талкууланды. Программа менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов тааныштырып, китепче болуп чыгарылган программа форумдун катышуучуларына таркатылды. Программада конституциялык реформа жүргүзүү, президент менен өкмөттүн кадр саясатын жакшыртуу, көз карандысыз сот системасын түзүү жана социалдык-экономикалык реформа жүргүзүүнүн багыттары камтылган. Феликс Куловдун билдирүүсү боюнча, программада коррупция менен күрөшүү багыттары да каралып, эң ириде мамлекеттик кызматкерлердин ичинде тартипти бекемдеп, алардын ишине жарандардын көзөмөлүн күчөтүү керектиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG