Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Барктабасовдун жактоочулары өкмөт үйүнө кирип барды


БИШКЕК. 17-июнда эртең менен өкмөт үйүнүн алдына Урмат Барыктабасовдун миңден ашуун тарапкерлери митингге чогулуп, Барыктабасовду эмне себептен Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер кылып каттабай коюсун түшүндүрүп берүүнү талап кыла башташты. Түшүндүрүп берүүгө эч ким чыкпагандыктан саат он бирлерде алар өкмөт үйүнө кирип барды. Нааразыланган атуулдар өкмөт үйүн түрө кыдырып, жетинчи кабатта вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, Ишенгүл Божурова жана коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов менен жолугушту. Алар митингге чыккандарды чоң залга, же сыртка чыгып сүйлөшүүгө чакырды. Митингчилердин бир тобу аларды ээрчип чыкса, калганы сыртка чыгуудан баш тартып, “Урматка мандат!”-деп кыйкыра башташты. Ал эми мурунку мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев элди Акүйдөн чыкпоого үндөп жүрдү. Түшкө жуук элдин саны беш миңге чукулдап барды.

XS
SM
MD
LG