Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Нарында да митинг


НАРЫН. Облустук, шаардык акимчиликтердин, мекеме, ишканалардын кызматкерлери, айтор мамлекеттик казынадан эмгек акы алгандар митингдин негизги катышуучуларынан болушту.

- Бүгүнкү күндө бизге эмне керек? Биринчиден, элибизге тынчтык керек. Ким иштеп атса тынч өз жумушун аткарып иштеши керек, окуп аткан балдарыбыз окууларын улантышы керек. Бул нерселерди элден көрүүгө болбойт. Атышууну да, элди чогулугтууну да чоң бай киши жасап атат. Кээ бир пикетчилер анча-мынча акчаны чөнтөкө салып алып эле пикетке чыккандары чыккынчылык,-деген пикирлерин билдиришти митингдин айрым катышуучулары.

Ошол эле маалда учурдагы убактылуу бийликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу “баягы эле туугандарын кызматка койгон, азыр деле туугандарын кызматка коюп атат колунан келсе да, келбесе да” деген нааразычылыктар да айтылды.

Бул күнү Нарын шаарында иш сапары менен жүргөн даңазалуу спортсмен Каныбек Осмоналиевге сөз берилгенде ал учурда бир гана нерсе-ынтымак жетпей турганын айтып, элди ынтымака чакырды

XS
SM
MD
LG