Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Жалалабат облусунда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын коргоону көздөгөн жарандар митинг өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук бийликтин маңдайындагы “ЭКО-банк” имаратынын алдына топтолгон эки жүзгө жакын адам Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен депутат Баяман Эркинбаевдин наамына айтылып жаткан түрдүү ушак-айың кептер менен, аларга каршы жасалып жаткан провокациялык аракеттерди токтотууну талап кылышты. Түрдүү аталыштагы плакаттарды эки жарым саат кармап турушкан Сузак, Базаркоргон, Жалалабат аймактарынын бул атуулдары президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун кызматта туруусуна да каршылыгын билдиришти. Митингчилер менен облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков жана башка жетекчилер жолугушуп, парламентке, анын төрагасы менен айрым депутаттарга каршы жасалган иш чараларга азыркы бийликтин тиешеси жок экендигин жана кызматка жаңы келген бийликтен он беш жылда бүтпөгөн иштерди бүтүрүүнү талап кылуу туура эмес экендигин түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG