Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Т. Акун: “Чабуулдун артында чоң чиновниктер бар”


БИШКЕК. Өкмөт үйүн басып алуу аракетин өкмөттөгү чоң чиновниктер жана парламент депутаттары колдоого алган. Мындай пикирин президенттин алдындагы адам укугу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Анын пикиринде, бул окуя Бакиев- Кулов тандеминин жөн гана кагаз бетинде калган келишим экенин далилдейт. Турсунбек Акундун мындай билдирүүсү менен президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов макул эмес. Анын пикиринде, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев бир командада тыгыз иштеп жатышат. Турсунбек Акун 17- июндагы башалмандыкта башына таш тийип, учурда ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG