Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Экс-спикер М.Чолпонбаев камакка алынды


БИШКЕК. 17- июнда өкмөт үйүнө жасалган чабуулду уюштуруучулардын бири катары мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев камакка алынды жана ага карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” 19-июнда билдирди. 17- июнда өкмөт үйүнө кирип барган атуулдардын алдында жүргөн Мукар Чолпонбаев минтип элге кайрылган эле:

- Урматтуу туугандар, эч жакка кетпегиле! Биринчи кабаттан жетинчи кабатка чейин ээлегиле! Эч нерсени талкалабагыла, бүлүндүрбөгүлө.

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 18-июнда камакка алынган Мукар Чолпонбаевдин адвокаттары менен байланышуу арекетибиз майнапсыз болду. Өмүрбек Суваналиев билдиргенге караганда, “Мекеним – Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Урмат Барктабасов табыла элек, учурда ал Казакстанда жашынып жүрөт деген маалымат бар. Вице- премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Урмат Барктабасовго Казакстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш ишин козголгонун 18-июнда билдирген. Ал эми Урмат Барктабасовдун Бишкектеги үйүнөн курал- жарак табылганы жөнүндө 18- июнда Өмүрбек Суваналиев жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG