Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

КАЧКЫНДАРГА ДАРЫ-ДАРМЕК ЖЕТИШПЕЙТ


Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган өзбек жарандарына дары-дармек, таңуучу-байлоочу каражаттар жетишпейт. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында качкындар турган жерде тазалыктын сакталышы начар, санитардык эрежелерге жооп бербейт.

Бозгундар жаңы көчүрүлгөн жайда оорулар үчүн үч чатыр тигилген. Талаа лагериндеги чатырда он адам дарыланууда, бирок дары-дармек жетишсиз.

- Ооругандардын төртөөнө ок тийген, ичи ооруган жана суук тийгендерге ооруну азайтуучу, таңуучу каражаттар, бинт жана вата керек. Аялдарга көп түрдүү витаминдер керек, - дейт бозгундар менен Кыргызстанга өтө качкан анжияндык дарыгер Дилмурат Мажитов.

Өзбекстанда ок тийгенден кийин Сузак райондук ооруканасында дарыланган жарадарлардын өкүлдөрү Шакиров Кудратилла менен Юнусов Бахрам медициналык тейлөөгө ыраазы:

- Жарабызды таңып-байлашууда. Бутума «Тешикташтан» өтөөрдө ок тийген. Азыр абалым дурус. Басып калдым. Кыргыз дарыгерлери жакшы тейлөөдө.

Каримов Данияр болсо бөйрөгүнө суук тийгенин айтты:

- Бөйрөгүм шамалдаган болчу, Cузактын ооруканасында бир жума дарыланып чыктым.

Лагерде Сузактык дарыгерлер кезектешип кызмат өтөшөт. Талаа лагериндеги тазалык талапка жооп бербейт. Бул тууралуу сузактык дарыгер Аскарали Бедияров буларга токтолду:

- Хлороминди ашканасына жакшы чачпай атат. ал жерде иштеген алты ашпозчунун биринин да санитардык.китепчеси жок. Аларды өткүлө десек, алар өздөрү барбайбыз деп каршы болуп атышат. Санэпидемстанциянын көзөмөлдөөсү жок болуп атат. алар келип хлороминди канча жерге, канча грамм чачыш керек экенин эсептеп, көзөмөлдөп турушу керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG