БИШКЕК. «Азыркы өкмөт курал менен имаратты, бийликти эмес, мыйзамды коргошу керек.» Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев мындай пикирин 17-июндагы окуяга байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин билдирүүсүнө карата айтты. Текебаевдин оюнда азыркы өкмөттүн «бийликти курал алып коргойм» деп айтышы – анын балакайлыгы, ушул өндүү билдирүүлөр кырдаалдын курчушун шарттап жатат. Бакиев-Кулов келишимин бузуу максатын көздөгөн үчүнчү күчтөр 17-июндагы окуяны уюштурушу ыктымал деп болжоду депутат Баяман Эркинбаев. Ал эми депутат Мелис Эшимканов азыркы атка минерлер окуяга баа берүүдө бир жээктен экинчи жээкке кетип, куугунтуктоо белгилери байкалып жатат деп, ар кандай билдирүүлөрдө сак болууга өкмөт мүчөлөрүн чакырды. Ушул эле күнү Феликс Кулов «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын мүчөлөрүнө же Акаевдин учурунда иштеген кызматкерлерге массалык куугунтук болгон жери жок деп билдирди.